Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

11-майга аба ырайы


Суусамыр.
Суусамыр.

11-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

11-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүзү 18…23 градус жылуу болот.

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүзү 17…22 градус жылыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүзү 21…26 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүзү 13…18 градус жылуу болот.

Тоолуу Нарында түнкүсүн 3…8, күндүзү 14…19.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүзү 10…15 градуска чейин жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүзү 0…5 жылуу болот.

11-майда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 19…21° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG