Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Түркиянын түштүк-чыгышындагы жарылуудан үч адам өлдү


Диярбакырдын Сур районундагы кагылыш. 2-март, 2016 -жыл.
Диярбакырдын Сур районундагы кагылыш. 2-март, 2016 -жыл.

Бул ирет бомбаланган автоунаа Диярбакыр шаарында полициянын автоунаасын сүзгөндөн кийин болгон жарылуудан кеминде үч адам өлүп, 45 киши жаракат алды.

Жаракат алгандардын 12си полицейлер, калганы жайкын тургундар. Диярбакыр - негизинен күрттөр жашаган шаар.

Мунун алдында бүгүн Анадолу агенттиги кабарлагандай, чыгыштагы Ван провинциясында эки полицей жол боюна көмүлгөн минаны зыянсыздандырууга аракеттенип жаткан кезде мерт болушкан эле.

Былтыр июлда Түркия өкмөтү менен тыюу салынган уюм - Күрт жумушчу партиясы ортосундагы тынчтык жараян бузулгандан бери өлкөнүн түштүк-чыгышында кыянатчылыктар күчөп кетти.

Андан берки атышуулар менен жардыруулардан жүздөгөн адамдын, анын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG