Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Премьер Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстан делегация CASA -1000 долбоорун баштоо аземине катышат.

Мындан тышкары Тажикстандын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар өтөрү белгиленген.

Акчалай наркы 1,17 миллиард долларга бааланып жаткан СASA-1000 долбоор Борбор Азиядан электр кубатын Ооганстан, андан ары Пакистанга жеткирүүгө багытталган.

Долбоорду баштоо боюнча 11-майга белгиленген расмий жөрөлгөгө Ооганстан, Пакистан лидерлеринин да катышуусу мерчемделген. (BkA)

XS
SM
MD
LG