Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Идлибде абадан урулган соккудан он адам набыт болду


Аба соккусуна туш келген Идлиб шаары.
Аба соккусуна туш келген Идлиб шаары.

Сириянын Идлиб провинциясында абадан урулган соккудан он киши набыт болгонун Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын байкоо уюму кабарлады. Сокку 10-майда Идлиб шаарынан 6 чакырым алыстагы Биниш шаарына өкмөттүн же Орусиянын аскерий учагы тарабынан урулган. Набыт болгондор арасында козголоңчулардын командири да бар экенин укук коргоо уюму кошумчалады.

Түркияга жакын Идлиб провинциясын "Аль-Каидага" байланышы бар "Ан-Нусра фронту" жана "Ахрар аль-Шам" жихаддык топтору көзөмөлдөйт.

Ал арада ок атууну токтотуу жарыяланган Алеппо калаасында да майда кагылышуулар жүрүп жатканы кабарланууда.

Шейшемби күнү Орусия "Жейш аль-Ислам" жана "Ахрар аль-Шам" топторун террордук уюмдардын тизмесине киргизүүнү Бириккен улуттар уюмуна сунуштады. Бирок "Ахрар аль-Шам" жарашуу жараянына кошулгандыктан, БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир катар мүчөлөрү бул сунушту кабыл алышкан жок.

XS
SM
MD
LG