Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт


Иш-чара Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 14-майда уюштурулат. Ал күнү кечки саат 8ден түнкү 2ге чейин сүрөтчүлөр, скульпторлор, кол өнөрчүлөр, манасчылар жана ырчылар келгендерге өнөрлөрүн тартуулашат. Мындан тышкары сүрөт тартып, скульптура чегүүнү каалагандар үчүн атайын мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле улуттук оюндар жана түрдүү сынактар өткөрүлмөкчү.

“Музейдеги түн” акциясы Гапар Айтиев атындагы музейде жыл сайын уюштурулат. Бул акция дүйнөнүн 40 өлкөсүндө өтүп келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG