Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Баткенде Ооганстандын жарандары кармалды


Чек аралаш айылдардын бири, Баткен
Чек аралаш айылдардын бири, Баткен

Чек арачылар 9-май күнү облустун Баткен районундагы Жарык-Суу аймагынан жети кишини кармаган. Текшерүү учурунда алар Ооганстандын жарандары болуп чыккан. Бирөөнүн жанынан 2016-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөткө берилген визасы менен паспорту чыккан. Калгандарынын жанында мөөнөтү өтүп кеткен “качкын” деген күбөлүктөрү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү чек ара кызматынан кабарлашты.

Кармалгандарга чек араны мыйзамсыз басып өткөнү үчүн административдик жаза - айыппул салынган соң, жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Такталбаган маалыматтар боюнча, алар Кыргызстанга Тажикстан аркылуу киришкен.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG