Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Тууганын атып алган милиционердин ишин прокуратура карайт


Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Саламат Деркембаевдин иши Ысык-Көл облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

10-май күнү саат 20:00 чамасында Ак-Суу районунун Теплоключенко айлынын тургуну 36 жаштагы Акыл Мамыркулов кызуу абалында туугандарынын үйүндө чатак чыгарган. Анын таякеси, милиция кызматкери 28 жаштагы Саламат Деркембаев табелдик куралынан ок чыгарып, атып алган. Натыйжада Акыл Мамыркулов ошол жерден жан берген. Саламат Деркембаев милицияга өзү келген.

Мамыркуловдун туугандарынын сөзү боюнча, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.(AsM;ZKo)

XS
SM
MD
LG