Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Аскер институтунун башчысы кызматтан алынды


Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун башчысы Рыскелди Мусаев кызматтан бошотулду. Маалыматка ылайык, Мусаевдин өз арызы менен кызматтан кеткени айтылууда.

6-майда аталган институттун 1-курсунун курсанты үйүнө барып, өз жанын кыйган. Буга окуу жайдагы ыдык көрсөтүүлөр себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

11-майда президент Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынан башчысы Жаныбек Капаровду жана Улуттук Гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиевди кызматтан алган.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG