Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Учакта ээнбаштык кылган кыргызстандык кызга айыппул салынды


Алматы – Куала-Лумпур багытындагы учакта мас абалында ээнбаштык кылган кыргызстандык кыз 212 миң теңге же 40 миң сомдон ашыгыраак айыппул төлөп берди. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлиги маалымдады.

8-май күнү Алматы – Куала-Лумпур каттамындагы учакта кыргызстандык кыздын кылган ээнбаштыгынан улам, учак мөөнөтүнөн дээрлик бир саат кармалып учкан. Казакстандын Транспорт полициясы бул окуя боюнча “Учакта жүрүү эрежесинин бузулушу”, “Коомдук жайларда мас абалында жүрүү” беренелери боюнча административдик протокол түзгөн. Мындан тышкары мас абалдагы кыз полиция кызматкерлерине жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей, жаман сөздөр менен сөккөнү боюнча өзүнчө иш козголуп, буга карата сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG