Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Парламентте ЕАЭБден дыйкандар зыян тартып жатканы айтылды

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери кыргызстандык дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөрүн сата албай жатышканын парламентте билдирди. Анын сөзү боюнча, учурда Казакстандан арзан азык-түлүктөр, эт азыктарынын кирүүсү күч алып, мындан жергиликтүү дыйкандар жабыркашууда:

- Минтип жүрүп отурса, дыйкандарыбыз баары жер иштетпей, мигрант болуп кетишет. Ошондо биздин азык-түлүк коопсуздугубуз эмне болот? Биз мына ушуга көңүл бурушубуз керек.

Апрель айында Казакстан Кыргызстандан картошка алып кирүүгө тыюу салган. Ал эми эт азыктарын алып кирүүгө тыюу акыркы эки-үч жылдан бери алына элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG