Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму допингге каршы мыйзамдарды бузгандарды эске алып, 11-майда Олимп оюндарына жолдомо алган өлкөлөрдүн тизмесине тактоо киргизди. Ага ылайык, Азия, Европалык жана дүйнөлүк мелдештерде тыюу салынган дарыларды колдонгондугу үчүн бир нече балбандын Олимп оюндарына алган жолдомолору кайтарылып алынды. Алардын ичинде кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев да бар. Кенжеевдин жолдомосу аталган мелдеште коло байгени алган индиялык Равиндер Хатриге берилгени айтылат.
Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов маалыматтар учурда такталып жатканын билдирди.
Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азия мелдешинде индиялык жана жапониялык балбандарды утуп финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алган. Жанардын жарым финалдагы жапон балбаны Тайчи Ока менен болгон беттеши мелдештин биринчи күнүндөгү эң кооз күрөш деп табылган эле.
Учурда Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарына Кыргызстандын эсебине 12 жолдомо бар.(ECh)