13-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүзү 20…25,
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүзү 19…24 градус жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүзү 22…27 градуска чейин жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүзү 16…21,
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүзү 17…22 градус жылыйт.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүзү 18…23, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүзү 5…10 градус жылуу болот.
13-майда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүзгү температурасы 22…24° жылуу болот.