Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Сариев: Тендер маселесинде менин ар-намысым таза


Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште айтты. Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча маселени кароого мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев да чакырылган. Сариев Ысык-Көл шакекчеси канчадан бери актуалдуу болгонуна карабай, ал жолдун оңдолушуна өткөн жылы гана саясий эрк жеткенин белгиледи:

- Балыкчы-Корумду жолу 104 чакырым. Анын курулушуна тендер боюнча 9,3 млрд сом каралган болчу. Аны 6,8 млрд сомго түшүрүп, 2,5 млрд сомду үнөмдөп калдык. Кандайча зыян келтирилет? Жолду оңдоп жаткан компаниянын жакшы иштеп жатканын жаңы шайланган өкмөт башчы да өз сөзүндө белгилеп айтты. Бул жол быйыл “Көчмөндөр оюнуна” чейин бүтүүгө тийиш эле.

Бүгүн парламент Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун оңдоону текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароодо. Аталган комиссиянын корутундусу буга чейин парламент жыйынында каралган.

Жогорку Кеңеш мындан бир ай мурун Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрү тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирген. Бирок өкмөт жана тендердик комиссия мындай дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан соң Темир Сариев өз арызы менен кызматтан кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG