Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

БУУ Казакстанда активисттерге куугунтукту токтотууга чакырды


Жер боюнча митингге чыккандар. Атрау. Казакстан. 24-апрель, 2016-жыл
Жер боюнча митингге чыккандар. Атрау. Казакстан. 24-апрель, 2016-жыл

БУУ казак бийликтерин жер ижарасына байланыштуу акцияга чыккандарга карата куугунтукту токтотууга чакырды. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча эксперттери Казакстанда бул маселе боюнча активисттерди кармоолор уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө узак мөөнөттүү ижара берүүнү сунуштаган “Жер кодексине” өзгөртүүлөргө каршы Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акциялары өткөн.

Өлкөдөгү нааразылык акцияларынан улам өлкө бийликтери “Жер кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир жылдык мораторий жарыялаган.

Бирок бул акцияга катышкан бир нече активист кармалып, айрымдарына "социалдык кастыкты козутту" деген айып тагылды.

XS
SM
MD
LG