Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:35

Каракол шаар кеңеши бүгүн жаңы мэрди шайлады. Анда 31 депутаттын 24 добушу менен Данияр Арпачиев шайланды.

Мэрлик орунга эки талапкер ат салышкан. Экинчи талапкерге жети депутат добуш берди.

Данияр Арпачиевдин талапкерлигин коалициялык көпчүлүктү түзгөн «Табылга» жана КСДП фракциясынан көрсөтүлгөн, ал эми оппозицияда калган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Кубанычбек Абдувалиев көрсөтүлгөн.

Данияр Арпачиев буга чейин облустук, райондук финансылык тармактарда жетекчилик кызматта, Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, Ак-Суу райондук социалдык фондду жетекчи болуп иштеген.(AsM)

XS
SM
MD
LG