Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Атамбаев Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун делегациясы менен жолугушту


Жолугушуу учурунда уюмдун төрагасы Владимир Кувшинов президент Алмазбек Атамбаевге Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун жакында Бишкекте өткөн 49-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле отурумду уюштуруунун бийик деңгээлине баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун маанилүүлүгүн белгилеп, чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселеси мамлекеттик милдеттердин башкысы экенин айтып кетти.

Делегацияны Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун төрагасы Владимир Кувшинов жетектеп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG