Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Pfizer өзүнүн дарысын өлүм жазасына колдонууга тыюу салды


Америкалык фармацевтикалык гигант саналган Pfizer компаниясы өзүнүн чыгарган продукциясы өлүм жазасын ишке ашырууга эмес, тескерисинче өмүрдү сактоого багытталганын билдирүүдө. Аталган компания өлүмгө алып келе турган инъекциялардын компоненти катары пайдаланылган жети препаратты сатууну чектеп, мындан тышкары аларды кимдер сатып алып жатканын катуу көзөмөлгө алмай болду.

Укук коргоочулар көптөн бери эле өлүм жазасы үчүн дары каражаттарын пайдаланууга каршылыгын билдирип келишкен.

Мындай ыкма АКШда басымдуу түрдө пайдаланылып, соттолгон жаранды аз убакыт ичинде өлтүрүү максатын көздөйт.

Көпчүлүк фармацевтикалык компаниялар өлүм жазасы үчүн дары сатуудан баш тарткандыктан абактар мындай препараттарды алуунун альтернативдүү жолдорун издешет же өлүм инъекцияларын башка ыкмалар менен алмаштырышат.

2014-жылы Охлакомада соттолгон жаран инъекция сайылгандан кийин 43 мүнөттөн кийин гана жан берген. Буга анын организмине берилген дарынын компоненттери тесттен өткөрүлбөгөнү себеп болгон.

Pfizer компаниясы 1849-жылы түзүлүп, ушул тапта фармацевтикалык тармакта дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG