Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

“Элдик парламенттин” лидерлеринин баш коргоо чарасы каралып жатат


Бул туурасында “Азаттыкка” уюмдун лидери Бекболот Талгарбековдун адвокаты Тимур Жанаев билдирди. 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүнүн баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

12-майда интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тараган. Ал тасмаларда бийликти күч менен алмаштыруу туурасында сөздөр айтылган. Ушул эле күнү кечке жуук бул жарандарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган. Алар мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деп шектелүүдө. Бул күнү "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” орусиялыктар колдой турганын айтышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG