Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Техаста аласалган автобустан 8 киши каза тапты


Техас картада
Техас картада

Кырсыктан дагы 40 киши жарат алды. АКШнын Техас штатында, Мексиканын чек арасынан алыс эмес жерде Рио-Гранде өрөөнүнөн Игл-Пасс шаарына келе жаткан автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа аласалып кеткени айтылууда. АКШнын Коопсуздук боюнча улуттук кеңеши кырсыктын себебин аныктоо үчүн окуя болгон жерге өзүнүн адистерин жөнөттү. Техастын губернатору Грег Эббот каза тапкан жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты. Авария болгон автобус жеке компаниялардын бирине таандык экени айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG