Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Эрдогандын кызынын тоюна бир катар дүйнө лидерлери катышты


Эрдоган аялы менен. Түрк мамлекет башчысынын эки кыз, эки уулу бар.
Эрдоган аялы менен. Түрк мамлекет башчысынын эки кыз, эки уулу бар.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кызы Сүмея Эрдоган менен Селчук Байрактардын 14-майда Стамбулда болгон үйлөнүү үлпөтүнө жергиликтүү жана чет элдик алты миң конок чакырылган. Бул тууралуу ТРТ каналы билдирди.

Жубайлардын тоюна парламент төрагасы Исмаил Кахраман, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ахмет Давутоглу, экс-президент Абдулла Гүл, Түрк армиясынын башкы штабынын төрагасы Хулуси Акар, Босния-Герцеговинанын президиумунун төрагасы Бакир Изетбегович, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Албаниянын премьер-министри Эди Рама жана Ливандын мурдагы премьер-министри Саад Харири келген.

Сүмея президент Эрдогандын кичүү кызы. Түрк мамлекет башчысынын эки кыз, эки уулу бар. Ал эми күйөө баласы Селчук Байрактар Түркиядагы белгилүү бизнесмен Оздемир Байрактардын уулу экени кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG