Минск шаарынын борборундагы Янки Купалы аянтында жекшемби күнү оппозициялык активисттер жыйын өткөрүп, Беларус улуттук конгресси түзүлгөнүн жарыялашты. Жыйынга 300дөй адам катышканын жергиликтүү булактар кабарлайт.
Конгресс түзүүнүн максаты – оппозициялык демократиялык күчтөрдү бириктирүү деп айтылды. Анын курамында президентикке мурда талапкер болгондор - Николай Статкевич жана Владимир Некляев, парламенттин муруңку төрагасы Станислав Шушкевич да бар.
Улуттук конгресс түзүү сессиясы ачык асман алдында өттү. Уюштуруучулар жыйынды имаратта өткөрүүгө бийликтен уруксат ала албай коюшканын белгилешти.