Жалал-Абад облустук милициясы, Улуттук коопсуздук кызматы жана облустук казыят биргелешип жүргүзгөн атайын операцияда “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген беш кишинин үйүндө тинтүү болуп, курал-жарак табылды. Ички иштер министрлиги “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 14-май күнү Жалал-Абад шаарындагы тинтүү болгон беш үйдө бир газ менен жарадар кылчу тапанча, 16 калибрлүү мылтыктын 36 огу жана диний багыттагы китептер, баракчалар, дисктер табылган. Буюмдар азыр экспертизадан өткөрүлүүдө.
Жалал-Абад шаарында быйыл жыл башынан бери жети адам “Хизб-ут-Тахрир” уюмунан чыкканын, бул топко адашып кирип калганын жарыялаган.
“Хизб-ут-Тахрир” - Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын бири. Расмий маалыматтарга караганда, топтун активдүү мүчөлөрү Жалал-Абад облусунда басымдуулук кылат.