Токтогулдуктар Узун-Акмат 1 алтын кенин иштетпөө чечимин кабыл алышты. Райондун Чолпон-Ата айылында кечээ, 15-майда өткөн элдик жыйында ушундай чечим кабыл алынды.
Жергиликтүү тургун жана элдик жыйындын уюштуруучуларынын бири Миргазы Өзүбековдун "Азаттыкка" билдирүүсүндө 300 киши катышкан жыйынга кенди иштеткен компаниянын өкүлү Талант Мамытов келип, бирок тургундар менен бир мунасага келише алган жок.
Айылдын жогору жагындагы Узун Акмат 1 кенин иштетүүгө тургундар алтын менен бирге уран жатат деген кооптонуу менен каршылыгын билдирүүдө.
Элдик жыйындын сунушун эми айылдык кеңеш карап чыгышы шарт.
Райондогу алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы “Спектр” компаниясы уруксат алып, кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан.
Кенге уруксат берилген жер 18 гектар. Адистердин айтымында, ал жерде 69 кг алтын бар. (RsK)