Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Жалал-Абад: "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрү тинтүүгө алынды

Өткөн ишемби күнү Жалал-Абад шаарында "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна мүчө катары каттоодо турган 5 жарандын үйү тинтүүгө алынып, далил буюмдар табылды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук казыят жана УКМК биргеликте жүргүзгөн иш-чарада жарандардын үйүнөн 5 даана диний багыттагы китеп, 19 видео-диск, 9 дептер, ок атуучу куралды 36 даана огу жана травматикалык тапанча табылган.

Алынган материалдар тергөө тобуна өткөрүлүп берилип, теологиялык экспертиза дайындалууда.

Облус аймагында бул уюмга мүчө катары 500гө чукул адам каттоого алынса, быйыл 7 адам анын катарынан чыкканын жарыялаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG