Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

"Кумтөргө" коюлган экологиялык доону сот териштире баштады


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

"Кумтөр" компаниясына төрт жылдан бери коюлуп келаткан экологиялык доолор боюнча соттук териштирүү башталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.

Мекеменин өнөр жай коопсуздугу жана тоо кендерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдуллаевдин айтуусунда, 2012-жылдан бери жалпысынан 4 багыттагы 7 миллиард сомдук зыян боюнча доо арыздар сотко жөнөтүлгөн. Бирок "Кумтөр" компаниясы бул арыздар эл аралык арбитражда каралышы керек деген негизде апелляция жазып келген.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Жогорку Соту Экотехинспекциянын доо арыздары Кыргызстанда каралышы керек деген чечим чыгарган.

- Эң биринчиси - калдыктарды муздун үстүнө таштоо, экинчиси - жер катмарын бузуу, үчүнчү - эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төгүү жана төртүнчү - сууга акы төлөнгөн эмес деген төрт багыт боюнча арызданганбыз, - дейт Абдуллаев.

Ишти Бишкектин район аралык соту карап жатат. Алгачкы соттук териштирүү 12-майда болду. Кийинки отурум 20-майда өтөт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG