Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Азербайжан, Грузия жана Түркия биргелешкен машыгууларды өткөрөт


Грузиядагы аскерий машыгуулардан, иллюстративдик сүрөт.
Грузиядагы аскерий машыгуулардан, иллюстративдик сүрөт.

Азербайжандын, Грузиянын жана Түркиянын коргоо министрлери Габала шаарында өтө турган биргелешкен аскерий машыгууларды талкуулашты.

“Үч өлкөнүн согуштук даярдыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн биз биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүүнү чечтик”,- деди Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө.

Үч министрдин жолугушуусу Венада бүгүн өтө турган Тоолу Карабак боюнча сүйлөшүүнү утурлай өттү. Австриянын баш калаасында Армения, Азербайжандын президенттери, АКШ, Орусия, Франциянын дипломаттары аймактагы чыңалуу боюнча сүйлөшөт.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. 5-апрелде тараптар ок атышууну токтотуу жараянын кабыл алса да, келишим так сакталбай бузулуп келет.

XS
SM
MD
LG