Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Боом капчыгайындагы автожол 20-майга чейин маал-маалы менен жабылат


Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымы бүгүнтөн тарта 20-майга чейин маал-маалы менен жабык болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, поезд жана автоунаа кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы кооптуу таштарды кулатуу иштерин жүргүзөт.

Саат 9дан 15ке чейин жол улам жабылып турат. Эгер 30-40тан ашуун автоунаа чогулуп калса, иш убактылуу токтотулуп, жол ачылат.

Былтыр капчыгайда автожолго чоң таш кулап, өзгөчө кырдаал түзүлгөн, адам өмүрүнө залака тийген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG