Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Умбеталиев: "Элдик парламенттин" митинги Жеңиш аянтында өтмөй болду


Бишкек, Жеңиш аянты.
Бишкек, Жеңиш аянты.

"Элдик парламент" уюмунун 17-майга пландалган митинги Жеңиш аянтында өтөт. Бул үчүн тиешелүү уруксат кагаздары алынганын "Азаттыкка" уюмдун мүчөсү Расул Умбеталиев билдирди.

"Элдик парламент" уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети анын лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берененин негизинде кылмыш иш козгоду.

Уюм өкүлдөрү шаар бийлигинен Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө уруксат сурап, ага 50 миң адам катышарын билдирген. Бирок Биринчи Май райондук акимчилиги шаардыктардын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоо максатында деген негиз менен иш-чараны башка жерде өткөрүүнү сунуштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG