Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыйноонун курмандыгы болгондорго жардам бериле баштады


“Кылым шамы” укук коргоо борбору "Кыйноолорго каршы коалиция" уюму менен бирге кыйноого жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгондорго жардам берүү долбоорун баштады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Кылым шамынын" өкүлү Сыйнат Жолдошева кабарлады.

Анын айтымында, долбоор Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылат, бирок ушундай эле иш эгер зарыл болсо башка аймактарда да жүргүзүлөт.

Адистер кыйноонун курмандыгы болгондорго жабык жайдабы, же эркиндиктеби, юридикалык жардам көрсөтөт, алар менен жеке жолугушууларды уюштурат, адвокаттарды тартып, коомдук иликтөө жүргүзөт.

- Кыргызстан расмий түрдө 2003-жылы Кылмыш кодексине кыйноо үчүн жаза киргизген. Бирок бул берене "өлүк" бойдон турат. Милиция адамдарды кыйнап, күнөөнү моюнуна таккан учурлар көп. Бирок кыйноонун курмандыктары укугун өз алдынча коргой албай келет, - дейт Жолдошева.

Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган. Соңку эки жылдан бери өлкөдө жабык жайларга эскертүүсүз кирип барып текшерүү укугуна ээ комитет түзүлгөн.

Бирок, укук коргоочулардын айтымында, кыйноонун курмандыгы болгондордун саны азайбай жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG