Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Кыргыз-казак чек арасында Малайзия жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар өткөрмө бекетинде Малайзиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-майда чек арада текшерүү учурунда малайзиялык жаран башка адамдын паспорту менен Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасаган.

Учурда окуяны Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери териштирип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG