Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Машине терезеси аркылуу тийген күн нуру адамга зыян экени аныкталды


Терезеден түз тийген күн нуру көздө катаракта дартынын пайда болуусун шарттап, терини күйгүзүп эле тынбай, тери рагына да алып барышы ыктымал дешет АКШдагы Беверли Хиллс институтунун окумуштуулары.

Машиненин терезесинен тийген күндүн радиациялык деңгээли менен ультракөк жана кызыл нурлардын таасири түз тийген күнгө караганда бир топ эсе кооптуу.

1990-жылдан 2014-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөдө ар кайсы маркадагы машинелердин айнектери каралган. Дарыгерлер машине чыгаруучу заводдорго айнектерде ультракызыл нурдан сактоочу атайын катмарды жасоону сунуштоодо.

Азыркы өндүрүштөн чыгып жаткан машинелердин 14 процентинде гана айнектеринин күндүн зыян нурунан коргоочу атайын катмары бар.

Узак жолго машине айдаган айдоочулар жана күнүгө машине ичинде жүргөн жүргүнчүлөрдө көздүн катаракта дарты да көп катталганын JAMA Ophthalmology журналы жазды. (BCh)

XS
SM
MD
LG