Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган фестиваль өтүүдө


Бүбүсара Бейшеналиева сахнада
Бүбүсара Бейшеналиева сахнада

Бүгүн кыргыздын чыгаан кызы, атактуу балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнү. Маркумдун 90 жылдыгына карата 15-майдан бери Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында балет искусствосунун эл аралык фестивалы өтүп жатат.

Бүгүн анын эстелигине гүл көюлуп, эскерүү митинги өттү.

Фестивалга Азербайжан, Армения, Германия, Казакстан жана Орусиядан келген бийчилер катышууда.

Бүгүн кечинде театрда француз композитору Адольф Адандын «Жизель» балети коюлат.

Гала-концерт 21-майда өтөт.

Кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылдын 17-майында туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG