Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Анапада Навальныйга жана анын фондунда иштегендерге кол салышты


Навальный билдиргендей, алар учактан чыгары менен бир канча киши ур-тепкиге алган. Анапа
Навальный билдиргендей, алар учактан чыгары менен бир канча киши ур-тепкиге алган. Анапа

Орусиялык оппозиционер Александр Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фондунда иштеген беш адам өлкө түштүгүндөгү Анапа аэропортунда кол салууга туш болушту. Навальный билдиргендей, алар учактан чыгары менен бир канча киши ур-тепкиге алган. Фонддун ыктыярчысы, “Дождь” телеканалынын алып баруучусу Артем Торчинский ооруканага түштү. Айрымдары жеңил жараат алган.

Александр Навальный жана анын фондунда иштеген 30дан ашуун кызматкер Анападагы айылдарда иликтөө жүргүзгөнү барышкан. Алар учактан түшөр замат белгисиз кишилер сүт куюлган баштыктарды ыргытып, “Биздин жерди жайына кой!” деп чуу салышкан.

XS
SM
MD
LG