Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жумабеков: Нуржигиттин басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар


Нуржигитти башкы ортопед текшерүүдө.
Нуржигитти башкы ортопед текшерүүдө.

Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын алты жаштагы тургуну Нуржигиттин басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, республиканын башкы ортопеди Сабырбек Жумабеков 17-майда майып баланы кабыл алуу учурунда айтты.

Дарыгердин билдиришинче, операция жолу менен аны бир буту менен бастырса болот. Бирок "заара токтобогондук" дартын Кыргызстанда айыктырууга көзү жетпей турганын, чет мамлекеттердин медицинасы гана андан арылууга жардам бериши ыктымалдыгын кошумчалады. Нуржигит эми неврология багытындагы адистердин текшерүүсүнөн өтөт.

Нуржигит тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Сабыр Абдумомуновдун өткөн аптадагы тасмасынан кийин ага жардам берүүнү каалагандар көбөйүп, "Кыргызстан" коммерциялык банкынан баланын энеси Миргүл Сагынбек кызынын атына эсеп ачылды. Балага "Жакшы Ниет" коомдук фонду да жардам берүүдө. (NT)

Нуржигиттин апасы Миргуль Сагынбек кызынын атына АКБ-Кыргызстан банкында ачылган эсеп: SWIFT: KYRSKG22, BIC: 103001, эсеп номуру: 1030120206683790

1030120206683790

XS
SM
MD
LG