Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:36

Мамкаттоо Стамбулда кармалган кыргыз паспорттор боюнча иликтөө баштады


Иллюстрация

Стамбулдагы аэропортто кыргыз паспорту менен кармалган 98 кытай жаранына байланыштуу Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев чукул жыйын өткөрдү. Анда бул окуя боюнча ар тараптуу иликтөө боюнча тапшырмалар берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди:

- Мамкаттоо кызматы дипломатиялык жолдор аркылуу Түркия тарапка кайрылып, кармалган паспорттордун серия, номурларын тез арада берүүсүн суранды. Эгер маалымат келсе, алар боюнча биздин база аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Алдын ала маалымат боюнча, паспорттор жасалма болгон.

Мелис Эржигитовдун маалыматында, Сарпашев ошондой эле паспорт даярдаган “Инфоком” ишканасына жана Калкты каттоо департаментине акыркы бир жылда кытайлык уйгур жарандарына паспорт берилгени тууралуу маалыматты тактоо тапшырды.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Алар Стамбулдан Жиддага учуп жатышкан.

Аларды коштоп жүргөн кыргызстандык төрт жаран да кармалганы кабарланууда. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG