Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Өткөн жылы Кытайдан келген 16 жаранга кыргыз паспорту берилген


Кыргызстан паспорту.
Кыргызстан паспорту.

Паспорт алган 16 жарандын баары түпкү теги кыргыздар. Алар Кытай жарандыгынан баш тартып, Кыргызстан жарандыгын алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, булардан башка кытайлыктарга кыргыз жарандыгы берилген эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылы чет элдик 6 607 адамга кыргыз жарандыгы берилген, алардын көпчүлүгү Тажикстандан көчүп келген кыргыздар.

Башмыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу укугуна мамлекет башчы гана ээ.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур жарандары кармалган. Алар Стамбулдан Жиддага учуп кетишмек. Уйгурларды коштоп жүргөн кыргызстандык төрт жаран да кармалганы кабарланууда. Мамлекеттик каттоо кызматы бул паспорттор боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG