Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Кыргызстандын ардактуу педиатры көз жумду


17-майда Бишкекте Кыргызстандын ардактуу балдар дарыгери Татьяна Иванова 93 жашында көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иванова балдардын кургак учук оорулары, аллергиялык өпкө дарттарына байланыштуу илимий изилдөөлөрүн жактап, бир нече дарыгерлерди даярдаган. Кыргызстандагы балдардын өпкө ооруларына байланыштуу адистешкен 17 шакиртти тарбиялаган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамын алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG