Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Лейлекте жөлөкпул чегерүүчүлөр жемкорлукка шектелүүдө


Лейлекте жөлөкпул чегерүүдө мыйзам бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Лейлек районунун Лейлек жана Сумбула айыл аймактарынын жооптуу кызматкерлери 2013-жылдын февраль айынан баштап быйылкы жылдын май айына чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул эрежесин бузуп, документтерге жалган маалымат жазган, кээ бир жарандарга акчаны негизсиз берген деп айыпталууда.

Милициянын эсептөөсүндө, бюджетке жалпысынан 168 миң сом зыян келтирилген.

Окуя боюнча Лейлек райондук прокуратурасы кылмыш иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG