Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Крым татарларын куугунтукка алуу токтой элек


18-майда крым татарларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлгөнүнө 72 жыл толду.
18-майда крым татарларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлгөнүнө 72 жыл толду.

Соңку эки жылда Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында крым татарларына кысым күчөп, куугунтук уланууда. Бул тууралуу шейшембиде Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты билдирди. Эл аралык уюм Кремлди жарым аралдагы элди басмырлоону жана кысымды токтотууга чакырды.

18-майда крым татарларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлгөнүнө 72 жыл толду. Бул күндү утурлай 17-майда Женевада өткөн жыйында Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Руперт Колвилл Крымдагы татарларга каршы кысым күчөп жатканын билдирди:

- Акыркы эки жылда крым татарларыны каршы куугунтук көбөйүп жатканын каттадык. Крым татарларынын Межилисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, анын жактоочулары коркутуп-үркүтүүгө кабылып, айрымдары күмөндүү айыптоолор менен камалышты, - деген Руперт Колвилл Межилистин ишмердүүлүгүнө тыюу салынганына жана уюмга “экстремисттик” деген каралоо таңууланганына камтамачылык билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлү Руперт Колвилл.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлү Руперт Колвилл.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку Соту 26-апрелде Межилисти экстремисттик уюм деп тапкан. Андан көп узабай Орусиянын Юстиция министрлиги Межилисти экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

Колвилл ошондой эле Крымда такай жүргүзүлүп жаткан тинтүү, камоолор менен аймактагы маалымат каражаттарынын кысымга алынышын, айрымдарынын жабылышын кескин сындады:

- Учурда Крым жарым аралында өз бийлигин жүргүзгөн Орусия ал жерде жашаган азчылык улуттардын жана түпкүлүктүү калктын укуктарын сыйлап, аларга басмырлоону жана кысымга алууну токтотууну Москванын эсине салабыз. Ошондой эле биз орус бийликтерин Межилистин ишмердүүлүгүн чектөөнү токтотуп, Крым элинин бардык жашоочуларына өз пикирин эркин билдирүүгө, тынч жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз.

Өткөн жылы крым татарларынын бир катар маалымат каражаттары жабылган. Өткөн аптада жарым аралда жана Орусия аймагында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун крым кызматынын сайтына үч күндөй бөгөт коюлуп, кайра ачылды.

18-апрелде полиция Краснокаменска аймагында эки крымдык татарды, ал эми Бахчисарайда төрт адамды экстремисттик уюмдарга тиешеси бар деген айып менен камакка алган.

Колвилл учурда 14 крым татары ар кандай күмөндүү айыптар менен камакта жатканын белгиледи. Алардын ону өткөн жылы камалган.

Крым татарларынын жүрөгүндөгү муң

18-май - Крым жарым аралынан татар элинин жапырт көчүрүлүшүнүн эскерүү күнү. 1944-жылы ушул күнү крым татарлары жүктөлгөн биринчи эшелон Борбор Азияга жөнөтүлгөн. Жалпысынан 180 миң адам жарым аралдан күчтөп көчүрүлгөн.

Жыл сайын Крымда бул күнү эскерүү митинги, массалык иш-чаралар өтүп келген. Бирок Орусия жарым аралды аннексиялап алган соң борбор калаа Симферполдо мындай акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.

14-майда Швецияда өткөн “Евровидение” музыкалык сынагында ушул тарыхый окуяга арналган номери менен крым татарларынан чыккан ырчы Жамала баш байгени жеңди. 33 жаштагы ырчы 1944-жылы крым татарлары баштан кечирген азапты чоң энесинен угуп, ырга салганын айтты:

- Бул менин баяным - Крым татар элинин тарыхы, Украинанын тарыхы жана анын кайгысы элдин жүрөгүнө жетти дегенди билдирет. Көптөр Европа бизден назарын бурду деп айтып келишет, бирок бүгүн алар бул чындыкка коошпосун көрүштү. Европа Украина үчүн добуш берди, - деди Жамала украин президенти Петро Порошенкодон “Эл артисти” наамын алып жатып.

Украинанын президенти Петро Порошенко менен ырчы Жамала.
Украинанын президенти Петро Порошенко менен ырчы Жамала.

Жалпы саны 2,5 миллионго жеткен Крым татарлары жарым аралдагы калктын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG