Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Сауд Арабия: күйөөсүн кызганган аял депортацияланат


Сауд Арабиянын соту күйөөсүнүн жеке жашоого болгон укугун бузду деп айыпталган аялды 40 миң доллар айыппулга жыгып, өлкөдөн депортациялоону чечти.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, бул аял "көзгө чөп салды" деген шек менен түгөйүнүн чөнтөк телефонун текшерген. Күйөөсү буга нааразы болуп, жергиликтүү бийликке арызданган.

Натыйжада анын аялы жолдошунун жеке жашоосуна кийлигишкени үчүн күнөөлүү деп табылды.

Бул аял Сауд Арабиянын жараны эмес. Бирок араб мамлекеттеринин биринин жарандыгына ээ.

Сауд Арабия башка араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу аялдар үчүн эркин мамлекет деп эсептелет. Аялдар мекемелерде, полицияда иштеп, автоунаа айдоо укугун алышкан.

Анткен менен чет элдик кыз-келиндердин укуктары бузулган учурлар көп экени айтылып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG