Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Парижден Каирге учуп бараткан EgyptAir учагы дайынсыз болууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Парижден Каирге сапар алган учак Египеттин аба мейкиндигине киргенден кийин радарлардын көзөмөлүнөн көрүнбөй калган. Бир нече сааттан бери дайынсыз болуп жаткан MS804 учагында 56 жүргүнчү, 10 борт кызматкери бар болгон.

Учак Париждеги Шарль де Голль аэропортунан жергиликтүү саат боюнча түнкү 11де Каирди көздөй учуп чыккан.

Каирге конооруна 20 минута калганда жоголууда.

Учак Жер ортолук деңизге түшүп кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Мындан улам Египет коопсуздук кызматтары кеме жана учактар менен издөө иштерин жүргүзүүдө. (AS)

XS
SM
MD
LG