Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

Президент кен казуудагы экологиялык талаптардын аткарылышын талкуулады


"Кумтөр" компаниясынын логотиби
"Кумтөр" компаниясынын логотиби

Жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу үчүн ведомстволук кен казуу ишканаларында бардык экологиялык ченемдердин аткарылышы так көзөмөлдөнүшү керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбековду кабыл алып айтты.

Жолугушууда Канатбек Муратбеков өлкөнүн кен объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана аларды иштетүү учурунда зарыл болгон ченемдердин атакарылышын көзөмөлдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Кен казуудагы экологияны сактоо Кыргызстан үчүн актуалдуу маселе.

Азыркы кезде Бишкектин район аралык сотунда "Кумтөр" компаниясына төрт жылдан бери коюлуп келаткан экологиялык доолор боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

2012-жылдан бери жалпысынан 4 багыттагы 7 миллиард сомдук зыян боюнча доо арыздар сотко жөнөтүлгөн. Бирок "Кумтөр" компаниясы бул арыздар эл аралык арбитражда каралышы керек деген негизде апелляция жазып келген.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Жогорку Соту Экотехинспекциянын доо арыздары Кыргызстанда каралышы керек деген чечим чыгарган.

Алгачкы соттук териштирүү 12-майда болду. Кийинки отурум 20-майда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG