Учурда 518 кыргызстандык чет мамлекеттерде маңзат кылмышы үчүн абакта кармалып жатат. Бул тууралуу бүгүн Таласта күч органдарынын жергиликтүү жетекчилери менен жолугушууда Маңзат көзөмөл мекемесинин башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди.
Анын айтуусунда былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз маңзат ташуу факты боюнча 119 кылмыш иш козголгон, анын 24ү Талас облусунда.
Мамбеталиевдин белгилешинче, мындай кылмыштарга тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өзүлөрү да аралашкан учурлар бар.
Мисалы, быйыл жыл башынан бери республикада күч органдарынын жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышкан 5 факт катталган. Алардын экөө Маңзат көзөмөл мекемесинин кызматкерлери экени аныкталды.
Мамбеталиевдин айтуусунда, чет жакта жүрүп маңзат саткан, ташыган мекендештерибиздин саны көбөйүүдө. Жакында бул үчүн кармалган кыргызстандык аял Кытайда өлүм жазасына тартылды. (SS)