Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Уоррен: Орусия Сириядан аскер күчтөрүн чыгарган жок


Сириядагы орусиялык аскерлер
Сириядагы орусиялык аскерлер

Орусия мартта куралдуу күчтөрүнүн негизги бөлүгүн Сириядан чыгарарын билдиргени менен ал жактагы аскердик мүмкүнчүлүктөрү дээрлик өзгөргөн жок. Бул тууралуу АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ирактагы өкүлү Стивен Уоррен билдирди.

Уоррендин айтымында, Орусиянын Сирияда абадан жана жерден сокку урчу күчтөрү бар. Ошондой эле сириялык режимге колдоо көрсөтө турган атайын бөлүк дагы кызмат кылууда.

“Орус армиясы Пальмира шаарына жакын жерде убактылуу аскер базасын уюштурган. Бирок бул убактылуубу же узак мөөнөттүүбү, азырынча айтуу кыйын”, дейт Уоррен.

Ал акыркы учурда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу орусиялык контингенттин чабуул бутасына алынганын да кабарлады. Өткөн жылы башталган абадан сокку уруу компаниясынын алгачкы айларында орусиялык авиациянын чабуулу сириялык оппозицияга багытталган болчу.

XS
SM
MD
LG