Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Батыровдун Бакиевге берилген үйү талашка түштү


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Кадыржан Батыровдун Сузак районунда жайгашкан турак жайы Санжар Бакиевге мыйзамсыз берилип жатат. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Батыровдун тууганы Гүлчехра Алимова билдирди.

Алимованын айтуусунда, Батыровго тиешелүү деп жаткан бул турак жай 1998-жылы эле анын тун уулуна мурас катары өткөрүлүп берилген, андыктан мыйзам боюнча ал мүлккө эч ким ээлик кылууга укугу жок болчу:

- Бизде бардык документтер жана "Кызыл китеби" бар туруп Мамкаттоо бөлүмү документти жасалмалап, үйдү Санжарга берип жатат. Бул мыйзамсыздык жана басмырлоо, - деди Алимова.

18-майда Сузак райондук сот аткаруучулар Дмитриевка айылындагы үйдү Санжар Бакиевге өткөрүп берген. Анткени Бакиевдер 2010-жылы Тейит айылындагы үйлөрүнүн өрттөлүшүнө өзбек диаспорасынын лидери Батыровду айыптап сотко берген. Шаардык жана облустук сот андан 8,4 млн сом өндүрүү өкүмүн чыгарган.

Санжар Бакиев Кыргызстандын 2010-жылы бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу. (RsK)

XS
SM
MD
LG