Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

ЖК төрагасы Турсунбеков Орусиядагы мигранттар маселесин талкуулады


Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту
Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 19-майда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерин мындан ары да бекемдөө багытында талкуу болду.

Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө Кыргызстан жарандарынын Орусия аймагына эркин кирип-чыгышына тоскоолдук жараткан “кара тизмени” кыскартуу маселесин көтөрдү.

ЖК делегациясы 18-20-май күндөрү Санкт-Петербург шаарында “Евразиялык экономикалык келечек” жыйынына жана КМШнын парламент аралык ассамблеясынын 44-пленардык жыйынына катышууда.

Форумдун алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана КМШ өлкөлөрүнүн парламент жетекчилери менен депутаттарынын эки тараптуу жолугушуулары өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG