Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Египет: учак террордук аракеттен улам кыйрашы ыктымал


Кыйраган учакта жакындарын жоготкондор
Кыйраган учакта жакындарын жоготкондор

Egypt Air компаниясынын учагы техникалык себептерден эмес, террордук аракеттердин курмандыгы болушу ыктымал. Бул тууралуу Египеттин авиация министри Шериф Фатхи билдирүү таратты.

Ошол эле учурда ал учактын тагдыры тууралуу жыйынтык чыгаруу эрте экенин кошумчалады.

Мурдараак издөө ишине көмөктөшүп жаткан Греция бийлиги деңизде калкып жүргөн эки калдыкты көрүшкөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, ал Грециянын Крит аралдарына жакын, учак радардан жоголгон чекиттен 80 чакырымдай ыраакта көзгө чалдыккан.

19-майга оогон түнү Парижден Каирге сапар алган Airbus A320 учагы коноруна 20 мүнөт калганда ың-жыңсыз жоголгон. Ичинде 56 жүргүнчү, экипаждын он мүчөсү бар болчу.

Грециянын коргоо министри Панос Каменос учак радардан өчөр алдында 90 градус солго бурулуп, кайра 360 градус оң ыптасына кайрылып, 7 миң метрден кулап түшкөнүн билдирген.

Бул арада учактагылардын жакындары Париж менен Каирдин аэропортторуна топтолууда.

XS
SM
MD
LG