Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Аксыда аялдар форуму өтөт


Аксы райондук акимчилигинде бүгүн Жалал-Абад облусундагы коомдук иштерге аралашкан аялдардын катышуусунда форум уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Гүлзат Ашырова “Азаттыкка” билдирди.

Бул иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылына, май айындагы энелер майрамына карата өткөрүлүп, улут аралык ынтымакты бекемдөө, аялдарды коомго активдүү аралаштырууну көздөйт. Ага облустагы бардык район-шаарлардан 350дөн ашык аялдар кеңештеринин мүчөлөрү жана алдыңкы айымдар чакырылган. Форум соңунда ишкер аялдар менен көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтүп, балдарды тарбиялоо, коомго салым кошуу маселеси камтылган кайрылуу кабыл алынат. (RsK)

XS
SM
MD
LG