Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Исфанадагы эң чоң базар өрттөнүп кетти


Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында жайгашкан эң чоң базар өрттөнүп кетти. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, өрт 19-майдын түнүндө чыккан. Андан базардын 700 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Өрткө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Жалпысынан миң адамдын иш орду жараксыз болду. Тилсиз жоо эртең менен 8дерге жакын толугу менен өчүрүлгөнүн райондук бийликтен кабарлашты. Азыр өрттүн чоо-жайы жана келтирилген чыгымдарды эсептөө башталды. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG