Түндө Баткендин Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында өрт чыгып, болжол менен жалпы 5 миң чарчы метрдей аянт күйүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматына караганда, 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн.
Адам өмүрүнө зыян тийген жок.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана “Мегаком” уюлдук операторуна караштуу 1 офис сакталып калган.
Учурда чыгымдын жалпы баасы эсептелүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда, күйгөн базар Лейлек райондук керек жарак коомунун балансында турат. Коомдун акционерлери бар.
Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. (JsA)